03:23 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8079
  • EUR77.0016
  • RUB1.0846
Россиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архивное фото

Түрмөгө камаш керек! Хабиб Конордун кылыгы тууралуу үн катты

© Sputnik / Саид Царнаев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
620 0 0

Ушул жумада интернетке ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегордун Дублиндеги барда улгайган адамга кол көтөргөн видеосу тараган.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Россиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов мурдагы атаандашы Конор Макгрегордун барда улгайган кишини виски ичпей койгону үчүн чаап жибергени боюнча үн катты. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

Нурмагомедовдун пикиринде, Макгрегорду мындай кылыгы үчүн түрмөгө камоо керек. Анын жоругу спортко көлөкө түшүрөт.

"Мындай адамдар абакка киргизилиши керек. Ал сый дегенди билбейт. Айрым гана кадамдары спортто пайдасын тийгизет. Ал акылдан айнып баратат. Бул наадандык. Бүгүн ал абышканы уруп жатат, эртең эмне болот?!", — деген спортчу.

Ушул жумада интернетке ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегордун Дублиндеги барда улгайган адамга кол көтөргөн видеосу тараган. Окуя ушул жылдын апрель айында болгону айтылат. Анда Макгрегор барга келип, чогулгандарды өзүнүн бренди менен чыккан виски менен сыйлаган. Бирок отургандардын бири анын суусундугун ичүүнү каалаган эмес. Мушкер улгайган адамдын маңдайына рюмканы койсо, ал баш тартып койгон. Видеодон Конор карыган адамды бетке бир чапканын көрүүгө болот. Андан соң эки адам ирландиялык мушкерди сыртка алып чыгып кеткен.

Маалыматта Дублиндин полициясы окуяны иликтеп баштаганы айтылат, бирок анын жыйынтыгы белгисиз.

Макгрегор соңку беттешин былтыр 6-октябрда UFC 229 турниринин алкагында өткөрүп, Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган. Ирландиялык спортчу аралаш мушташ боюнча 21 мелдешти утуп, төрт ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Тема боюнча

Конор Макгрегор вискиден баш тарткан улгайган кишини бир чапты. Видео
Белгилер:
мушкер, Конор Макгрегор, Хабиб Нурмагомедов

ЭҢ МААНИЛҮҮ