Франция Нотр-Дам чиркөөсү урап калуу коркунучунда турганын жар салды

© Sputnik / Доминик Бутен / Медиабанкка өтүүПоследствия пожара в соборе Парижской Богоматери
Последствия пожара в соборе Парижской Богоматери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият министрлиги чиркөөдөн таштар кулап жатканын билдирди.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын жаз айында өрттөнгөн Нотр-Дам чиркөөсү урап калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу жергиликтүү Le Figaro гезити Франциянын Маданият министрлигине шилтеме берүү менен жазды.

КР президентинин аппаратына караштуу Мурас коомдук фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Молдокасымов: тарыхый ачылыш кайдыгерлик менен кабыл алынганы кейитет
Ведомстводон чиркөөдөгү таштар кулап жатканын билдиришкен. Учурда бардык күчтөр Нотр-Дамды оңдоого эмес, урап калуудан сактоо үчүн жумшалып жатат.

Эске салсак, 2019-жылдын 15-апрелинде Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүндө өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:50дө (Бишкек убактысы боюнча 22:50) чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын чатыры толугу менен урап түшкөн. Франциянын ЖМКларынын жазганына караганда, тарыхый жайда реставрация иштери жүрүп жаткандыктан, чатырдагы курулуш жыгачтары күйүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0