Арыктап сөөгү эле калган пилдин сүрөтү элди кыжырлантты. Сүрөт

© Facebook/ Save Elephant FoundationАрыктап, сөөгү эле калган пилдин сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларын таңыркатты
Арыктап, сөөгү эле калган пилдин сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларын таңыркатты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кабыргасы саналып калган пилге шоу учурунда кооз кездеме жаап коюшкан.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Арыктап, сөөгү эле калган пилдин сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларын таңыркатты. Жаныбардын сүрөтүн Таиланддагы Пилдерди коргоо фонду Facebook баракчасына жарыялады.

Сүрөт Шри-Ланкада өткөн буддисттердин Эсала Перахера фестивалында тартылган.

Фонддун маалыматына караганда, Тикири деген пил 10 күн катары менен түтүн, фейерверк жана ызы-чууда шоуга катышып турган. Ал иш-чарага катышкан 60 пилдин бири болгон.

Кабыргасы саналып калган пилге шоу учурунда кооз кездеме жаап коюшкан.

"Башкалардын жашоосуна балта чабуу менен фестивалды кантип ыйык деп атаса болот?" — деп соцтармактын колдонуучулары суроо салды.

Эсала Перахера фестивалы жыл сайын Шри-Ланкада өткөрүлүп келет. Буддисттер бир нече кылым мурда Кандиге алып келинген Будданын ыйык тишине сыйынып келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0