Ууру-кескиге оңой олжо болчу автоунаалар аталды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМужчина имитирует вскрытие автомобиля.
Мужчина имитирует вскрытие автомобиля. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер атайын сыноодон өткөрүп беш үлгүдөгү автоунааны бир мүнөткө жетпеген убакытта айдай качууга болорун аныкташкан.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын коопсуздук боюнча эксперттери кандай автоунаалар ууруларга оңой олжо болорун айтып беришти. Бул туурасында "Известия" басылмасы жазды. 

Бишкекте кайсы май куюу жайлары бензинди жеткирбей куят? - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кайсы май куюу жайлары бензинди жеткирбей куят? Иликтөө
Ага ылайык, DS 3 Crossback үлгүсүндөгү кроссовердин коопсуздук системасы чабалыраак экени аныкталган. Адистерге анын чыныгы ачкычынын кодун таап, ичине кирүүгө беш секунд кеткен. Андан соң ушунча убакыттын аралыгында машинаны жүргүзө алышкан.

Ал эми 10 секунддун ичинде Audi TT RS унаасын айдай качуу мүмкүн. Ошондой эле сыноо учурунда 2018-жылы чыккан Land Rover Discovery автоунаасын уурдап кетүүгө 30 секунд гана жетери белгилүү болгон. BMW X3 жана Ford Fiesta машиналарын уурдаганы келгендер 60 секунд убактысын коротот.

Жаңылыктар түрмөгү
0