Кайсы кесиптердин ээлери ракка көп кабылат? Жаңы иликтөө

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЗавод кызматкери. Архив
Завод кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер кайсы кесиптердин ээлери онкологиялык илдеттерге көбүрөөк кабыларын аныктап чыгышты.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россиядагы Измеров атындагы эмгек медицинасы институту кайсы кесип ээлери рак илдетине көп кабыларын иликтеп чыккан. Анын жыйынтыгы тууралуу НТВ кабарлады.

Медицинада "кесиптик рак" деген түшүнүк бар. Жалпак тил менен айтканда, иштеген жериндеги кырдаал, курчап турган нерселердин таасири менен пайда болгон залалдуу шишик.

"2018-жылы кайра иштетүү, курулуш жана металлургия тармактарында иштегендер арасында рак илдетине кабылгандар көп катталган. Конкреттүү бир кесиптер тууралуу айтсак, эң кооптуулардын сап башында — ширеткич турат", — деп жазылат макалада.

Ошондой эле адистер менчик ишканаларда иштегендер аталган илдетке бат кабылчулардын катарында экенин айтышкан. Бирок буга эмне себеп экени так көрсөтүлгөн эмес.

"Кесиптик ракка" чалдыккандар көбүнесе өпкө жана ашказанда пайда болгон залалдуу шишиктен азап тартышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0