Дем кысылат, жаак талыйт... Инфаркттын алгачкы белгилери айтылды

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жайкы инфаркттын" бирден-бир белгилеринин бири — демдин кысылуусу.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Айрым белгилер адамдын инфаркт илдетине чалдыгышы мүмкүн экенинен кабар берерин дарыгер Сергей Агапкиндин сөзүнө таянып "Известия" басылмасы жазды.

Анын айтымында, инфарктка кабылуу тобокелдиги жайдын күнү өзгөчө өсөт. Бул жүрөгү ооруп жүргөн адамдарга гана эмес, ден соолугу тазаларга да тиешелүү. Буга абада кычкылтектин аздыгы себеп болот.

"Жайкы инфаркттын" бирден-бир белгилеринин бири — демдин кысылуусу.

"1-2 кабатка көтөрүлгөндө эле күйүгүп калсаңыз, демек жүрөккө күч келип жатат. Ошондой эле бир аз кыймылдап койсоңуз эле алсырасаңыз, эки далынын ортосу уюп ооруса, бул жакындап келе жаткан инфаркттан кабар берет. Мындан тышкары, көкүрөк туш кысылып, жаакты, колдорду же далыны талытса, дароо дарыгерге кайрылыңыз", — деди Агапкин.

Адистин айтымында, бул белгилерге маани бербей, чарчап-чаалыгууга шылтап жүрө берүүнүн акыры жакшы бүтпөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0