Путин менен Зеленский телефондон сүйлөштү. Ортодо эмне кеп болду?

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин. Архив
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар Минск макулдашуусунун ишке ашуусу да чоң мааниге ээ экенин белгилешти.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен Украина өлкө башчысы Владимир Зеленский Киевдин сунушу менен телефондон сүйлөшкөнүн Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Эки президент Украинанын түштүк-чыгышындагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулашкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө 21-июлда бекитилген ок атууну токтотуу боюнча режимди сактоонун зарылдыгы белгиленди.

"Россия президенти абалды жайгаруу үчүн украиналык аскерлер Донбасстын калктуу конуштарын аткылоосун токтотушу керек экенин белгиледи. Мындай аракет тынч жашаган элди бүлгүнгө учуратууда", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Путин менен Зеленский Минск макулдашуусунун ишке ашуусу да чоң мааниге ээ экенин белгилешти. Документте Донецк жана Луганск элдик республикаларына өзгөчө макам берүү шарты да каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0