Эрдоган Сирияда терроризмге каршы күрөштүн жаңы этабы башталарын айтты

© REUTERS / HANDOUTПрезидент Турции Тайип Эрдоган
Президент Турции Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Операциялар 11-августтан тарта башталары маалым болду.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Түркия жакында Сириядагы террорчулукка каршы күрөштүн жаңы этабына өтөт. Бул тууралуу президент Режеп Тайип Эрдоган айтканын РИА Новости агенттиги жазды.

Эрдоган буга чейин Россия менен АКШга Сириянын түндүгүндөгү Евфрат шаарынын чыгышындагы сириялык күрддөрдүн коргонуу күчтөрүнө карата аскерий операция баштала турганын билдирген.

Түркиядагы ишенимдүү булактын айтымында, операциялар 11-августтан тарта башталат.

"Биздин максат Сириянын түндүгүн террорчулардан тазалоо. Эми АКШ менен НАТОдон биздин өнөктөштүк мамилебизге туура келген кадамдарды күтүп жатабыз. Буга чейинки Сириядагы террорчулукка каршы күрөшүү операциябыз эми жаңы деңгээлге чыгат", — деген пикирин Эрдоган Анкарада өтүп жаткан элчилердин конференциясында айтты.

Президент өз сөзүндө Түркиянын түштүк чек арасында террорчулар толук жок кылынмайына, эл өзүн коопсуз сезбей турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0