Адистер түндө шам-шум этүүнүн зыяндуу жактарын санап берди

CC BY-SA 2.0 / Thomas Lübke / Just lookingМуздаткычты ачып турган аял. Архив
Муздаткычты ачып турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диетологдор белок азыктарын 20:00гө чейин колдонууну сунуштаган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Түндө жатарда тамактануунун зыяндуу жактарын "Известия" адистерге таянуу менен жазды.

Шам-шум этүүнүн эң туура эмес жолу — курамында канцероген бар майлуу азыктар менен тамактануу. Майга куурулган жумуртка менен эт залалдуу шишиктерди пайда кылган заттарды камтый турганы белгиленет.

Беременная женщина - Sputnik Кыргызстан
Кош бойлуулар үчүн мыкты диета табылды
Деги эле эт организмдеги холестериндик алмашууну бузгандыктан аны түндө кайнатып да, кууруп да жегенге болбойт. Белок азыктарын 20:00гө чейин колдонуу сунушталат. Ошондой эле буурчак сымал өсүмдүктөрдөн жасалган аштарды жана шоколадды жебей эле койгон туура.

Мындан тышкары, ачуу азыктарды жеп алуу ашказандын иштешин кыйындатып, кийин бузулушуна алып келиши ыктымал. Сүт боткосунун курамында шекер болгону үчүн аны жатарда жебей койгон жакшы.

Өзөк жалгоого мөмө-жемиштер жакшы. Бирок алма уйку безине күч келтире турганын эске алуу керек. Анын ордуна адистер апельсин менен кивини сунуштаган.

Жакында эле диетолог арыктайм дегендердин негизги каталарын атап берген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0