Баспай калган өспүрүмдүн оорусу дарыгерлерди санаага салды. Англиядагы окуя

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМайыптар коляскасы. Архив
Майыптар коляскасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Томография менен кандын анализинен адаттан тыш эч нерсе табылган эмес.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Британиянын окумуштуулары табышмактуу оорудан кийин баспай калган өспүрүмгө так диагноз коё албай убара болууда. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

2018-жылы январда Лондондун четиндеги шаарда жашаган 16 жаштагы Валентино Эродот көкүрөк тушу сайгылашып катуу ооруп жатканын сезген. Кийинчерээк басып-турганы кыйындап, бир аздан соң такыр баспай калган.

Сириянын лидери Башар Асаддын жубайы Асма Асад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирия президентинин жубайы Асма Асаддын рактан айыкканы айтылды
Дарыгерлер аны гастритке каршы дарылашкан. Бирок натыйжа болбогондуктан аны өнөкөт чарчоо менен жабыркай турганын айтып, дарылоону улантышкан. Ал дагы оң жыйынтык берген эмес.

Томография менен кандын анализинен адаттан тыш эч нерсе табылган жок. Эми Эродоттун ата-энеси генетикалык тест тапшырып, иммунологго кайрылууну пландап жатышат. Ушул кезге чейин алар уулун айыктырып, дартын аныктоого 35 миң фунт стерлинг (2,7 милллион сомго жакын) коротушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0