Өкмөт Ирак менен Сириянын абактарындагы кыргызстандык балдарды алып келет

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАбакты кайтарып жаткан Сириянын аскер кызматкерлери. Архив
Абакты кайтарып жаткан Сириянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумушчу топ Багдад шаарына ушул жылдын сентябрь айынын башында барат. Азыркы учурда сапарга чыгууга тиешелүү даярдыктар жүрүүдө.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстан Ирак жана Сирияда жүргөн кыргызстандык балдарды кайтарып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Сириянын "Качкындар үчүн күрд лагеринде" кармалып жаткан жана Ирактын түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргыз жарандарын кайтарып келүү боюнча вице-премьер Жеңиш Разаковдун жетекчилигинин астында тиешелүү жумуштар аткарылып жатат.

Ситуация в Алеппо - Sputnik Кыргызстан
Жолдошум бомбага жарылып, уулум атылды... Сириядан кайткан казак келиндердин баяны
Учурда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн, бардык жумушчу топтун мүчөлөрүнө Ирактын визасын берүү маселеси жана Кыргызстандан Иракка чартердик рейс уюштуруу маселеси да чечилген. Мындан тышкары, Ирактын мыйзамдарына ылайык, кыргызстандык балдарга визалык режимди бузгандыгына байланыштуу айып төлөө маселесин чечүү үчүн кыргыз тараптан финансылык каражаттын көлөмү такталды.

Азыркы тапта финансылык каражатты бөлүү боюнча өкмөттүн буйругунун долбоору өкмөттүн аппаратында каралып жатат. Ага ылайык, жумушчу топ Багдад шаарына ушул жылдын сентябрь айынын башында барат. Азыркы учурда сапарга чыгууга тиешелүү даярдыктар жүрүүдө.

Ал эми Сириянын "Качкындар үчүн күрд лагеринде" кармалып жаткан кыргызстандыктарды кайтарып келүү маселесинде эл аралык уюмдарынын ресурстарын колдонуу пландалууда. Аны менен катар Сирияда жүргөн кыргызстандыктардын дарегин так аныктоого жана аларды кайтарып келүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бул маселе премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0