Айласы кеткенде көчөдөн резюме тараткан жигит акыры иш тапты. АКШдагы окуя

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архив
Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал анкетасына "үй-бүлөсүн татыктуу багып, айланадагыларга оң таасир эткиси келерин" жазган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. АКШнын Финикс шаарында жумуштан бошоп калган жигит резюмесин көчөгө чыгып таратып жүрүп, акыры "кыялындагы ишти" тапты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Пара  - Sputnik Кыргызстан
Өзүм теңдүүлөр апама кызыгып... Эне-баланын сүрөтү соцтармакты дүң кылды
30 жаштагы Патрик Хоугланд көпкө жумуш таба албай жүргөн. Кез-кезде иш берүүчүлөр маектешүүгө чакырышып, бирок бири да оң жооп берген эмес. Үй-бүлөсүн багууга каражат таппай калган жигит акыры көчөгө чыгып алып, ары-бери өткөндөргө резюмесин таратууну чечкен.

Ал анкетасына "үй-бүлөсүн татыктуу багып, айланадагыларга оң таасир эткиси келерин" жазган.

Күндөрдүн биринде Serendipit Consulting деп аталган компаниянын жетекчиси Мелисса Диджанфилиппо мээ кайнаткан ысыктын күнү көчөгө туруп резюмесин тараткан адамды көрүп таң калат. Жыйынтыгында ал жумуш издөөчүнүн резюмесин сүрөткө тартып алып, социалдык тармактар аркылуу таратып койгон.

Көп өтпөй Хоугландга жүздөгөн сунуштар түшүп, акыры ал курулуш компанияларынын бирине бетон төшөөчү болуп ишке орношту.

Жаңылыктар түрмөгү
0