Ольга Бузова Instagram баракчасындагы жарнама үчүн канча алат?

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЦеремония вручения VII русской музыкальной премии телеканала "RU.TV"
Церемония вручения VII русской музыкальной премии телеканала RU.TV - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчынын соцтармактагы баракчасына 16 миллиондон ашуун адам катталган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россиялык ырчы жана теле алып баруучу Ольга Бузованын Instagram аккаунтундагы бир жарнамалык посттун баасы миллион рублге жетет. Бул туурасында Forbes журналы жазып чыкты.

Премьера фильма Жги! - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Ольга Бузова Бишкекке келип, жаратылышка таң берди
Аталган басылма Бузованы Россиядагы эң популярдуу Instagram блогери деп атады. Анын баракчасына катталгандардын саны 16 миллиондон ашат.

Ольга Бузова — ТНТ телеканалынын "Дом-2" реалити-шоусунун мурдагы катышуучусу, кийин алып баруучусу болгон. 2011-жылдан тарта шоу-бизнес чөйрөсүнө аралаша баштаган.

Ал эми дүйнөгө белгилүү жылдыздар Instagram баракчасындагы бир эле жарнамалык посту үчүн миллион долларга чукул акча алат. Алар кимдер экенине кызыгып жатсаңыз, бул жакка баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0