Сүйлөшкөн кызын өлтүргөн киши жасаган жоругу тууралуу барга барып рэп ырдаган

Жазылуу
Кылмышка шектүүнү шаар боюнча издешкен.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. АКШнын Лос-Анжелес шаарынын 27 жаштагы жашоочусу Роберт Каму сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, ал тууралуу барга барып рэп окуган. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды. 

​Шаардагы барлардын биринде жергиликтүү рэперлердин тобу чогулуп, ыр окушкан. Ал кечеге Каму да келген. Микрофон ага жеткенде сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, шаардын четине алып барып көмүп салганын ыр менен айткан. Анын ырдап жатканын барга келгендердин бири тартып алып социалдык тармакка жайгаштырган. Иш-чаранын уюштуруучулары Камунун айткандары катардагы эле ыр деп баалап, маани беришкен эмес.

​Кийин маалым болгондой, аны полиция "сүйлөшкөн кызын уурдап кетти" деген шек менен издеп жүргөн. Күбөлөрдүн айтымында, Роберт Каму 31 жаштагы Аманда Кастерди машинанын багажына салып айдап кеткен. Бир нече убакыттан кийин Камунун ата-энеси ал жашаган үйгө келип, кызыл-жаян болгон канды көрүп, полицияга кабар берген.

​Кылмышка шектүү кармалып, барда тартылган видео далил катары полицияга берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0