Ашынып кетти! Тойдо келинине окшоп кийинген кайнене соцтармактан жеме укту

© AFP / JEAN-PIERRE MULLERНевеста в свадебном платье
Невеста в свадебном платье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уулунун тоюна өзгөчө жасанып келген кайнене сынга кабыларын билген эмес.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Баласынын үлпөт тоюнда келининин көйнөгүнө окшош кийим кийген кайненени "кеченин башкы күнөөкөрүнөн да ашып кетти" деп социалдык тармакта жемелешүүдө. Бул туурасында Mirror басылмасы жазды.

Тойдон тартылган сүрөттө келин күйөөсүнүн оң тарабында төшү ачык аппак түстөгү узун көйнөк кийип, колуна гүл кармап турган. Ал эми баланын сол тарабында апасы келининин үлпөт көйнөгүнө окшош кийинип турганын көрүүгө болот.

​"Чынын айтканда, ал келинге аябай окшошуп калыптыр. Бир караганда күйөө бала эки аял алып жаткандай көрүнөт экен", — деп колдонуучулардын бири пикирин жазган.

"Күйөө баланын апасы ушунчалык туура эмес иш кылганын аңдабай отурат", — деп сындаган дагы башка колдонуучу. Арасында "Муну көрүү жагымсыз" дегендер да болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0