Түндүк Корея апта ичинде үчүнчү ракетасын кое берди. Чоо-жайы

© REUTERS / KCNAКим Чен Ын. Архив
Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк Кореянын ракеталары АКШга коркунуч келтирбегени менен Түштүк Кореяны тынчсыздандырып жатат.

 

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Американын чалгындоо кызматы Түндүк Корея жаңы ракеталарды кое бергендиги тууралуу маалымат алган. Бул жөнүндө Рейтер агенттиги АКШ администрациясындагы булактарга шилтеме берип жазып жатканын РИА Новости билдирди. 

Встреча президента США Дональда Трампа с северокорейским лидером Ким Чен Ыном - Sputnik Кыргызстан
Трамп менен Ким Чен Ын Түндүк Кореянын чек арасынан жолугушту. Видео
Кеп Корея жарым аралында жакында кое берилген ракеталар тууралуу болуп жатышы мүмкүн экени айтылат. Американын Ак үйүндөгү булактар канча ракета атылганын тактай алышпаганын, бирок анын бири дагы АКШ үчүн коркунуч туудурбаганын билдиришкен.

Акыркы күндөрү Түндүк Корея 250 чакырым алыстыкка уча турган эки ракетасын Япон деңизин көздөй атып көрүп сынаган. Алардан тышкары, дагы эки рекетаны ошол эле жерде 25-июль күнү кое беришкен.

Түштүк Кореянын Штаб жетекчилеринин бириккен комитети коңшулардын ракеталары Хамгён-Намдо провинциясынан бейшемби күнү кое берилгенин айтты.

"Түштүк Корея бийлиги бул кырдаал боюнча тынчсызданып жатканын жана керек учурда жооп кайтарууга ар дайым даяр турарын билдирди. Ошондой эле алар Түндүк Корея мындай кадамдарга бара берсе, Корей жарым аралында тынчтыкты орнотуу аракети текке кетерин айтышты", — деп жазылат макалада.

Буга чейин Түндүк Корея коңшусунан август айында АКШ аскерлери менен биргеликте өткөрө турган машыгуулардан баш тарткыла деп талап кылган. Ким Чен Ын бул кадамды согушка даярдануу катары баалап жатат. Ал эми Түштүк Корея куралдуу күчтөр машыгуусуз турбашы керектигин айтып, коңшу мамлекеттин талабын четке каккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0