Оозунда ашыкча 526 тиши бар балага операция жасалды. Индиядагы окуя

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүТиш доктур. Архив
Тиш доктур. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тестиер жаагынын алдыңкы бөлүгү ооруп жатканын айтып даттанган.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Индиялык стоматологдор жети жаштагы баланын ашыкча 526 тишин жулганын Times of India жазып чыкты. Ошондой эле окуянын видеосун жарыялашты.

Ростовский родильный дом № 5 - Sputnik Кыргызстан
Индияда кыз-эркеги билинбеген өзгөчө бала төрөлдү. Сүрөт
Тестиер жаагынын алдыңкы бөлүгү ооруп жатканын айтып даттанган. Дарыгерлер аны компьютердик томография жана рентгенге салып көрүп, жаагынын ылдыйкы бөлүгүндө толгон-токой майда тиштерден турган шишик пайда болгонун аныкташкан.

Ошентип Ченнай шаарынын Стоматология институтунун дарыгерлери ашыкча тиштерди алып салуу боюнча бир нече саатка созулган операция жасады.

"Тиштердин көлөмү ар кандай экен, 0,1ден 15 миллиметрге чейин. Жада калса эң кичинекей тиштин дагы кадимкидей тамыры жана эмалы бар экенин көрдүк", — деди Пратибха Рамани аттуу дарыгер.

Адистер бул аномалиянын себебин так айта алышкан жок. Бирок бул тукум кууган оору же баланын үйүнө жакын жайгашкан уюлдук станциядан чыккан нурлануунун кесепети болушу ыктымал деген божомолдор айтылууда.

Учурда баланын абалы жакшы.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0