Трамп Путинге Сибирдеги ири өрттү өчүрүүгө көмөктөшүүгө кол сунду

© REUTERS / DAVID MCNEWТокойдогу өрт. Архив
Токойдогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Сибиринде өрт чалган жердин аянты 2,7 миллион гектарды түзөт. Бул былтыркы жылдагыга салыштырмалуу 12 пайызга көп.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшкөнүн РИА Новости Кремлге таянуу менен жазды. 

Кыргызстандыктар Жээнбековго жардам бериши керек. Путиндин пикири видеодо - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар Жээнбековго жардам бериши керек. Путиндин пикири видеодо
Сүйлөшүү америкалыктардын демилгеси менен уюштурулуп, Трамп Россиянын токоюндагы өрттү өчүрүүгө жардам сунуштаган. Өз кезегинде Путин Трампка ыраазылык билдирген. Россиянын президенти, андан сырткары, эгер өтө зарыл болуп калса Трамптын сунушун колдонорун, бирок учурда Сибирдеги өрткө каршы күрөшүү үчүн күчтүү авиатоп түзүлгөнүн айтты.

Кремлдин маалымат кызматы Путин Трамптын мындай кадамын эки мамлекеттин мамилесин калыбына келтирүүгө жардам берет деп баалаганын билдирди.

Эки мамлекеттин лидерлери мындан ары да телефон аркылуу жана жеке жолугууларды өткөрүп туруу боюнча бир пикирге келишкен.

Россиянын Сибиринде өрт чалган жердин жалпы аянты 2,7 миллион гектарды түзөт. Бул былтыркы жылдагыга салыштырмалуу 12 пайызга көп. Төрт аймакка өзгөчө кырдаал киргизилди. Өзгөчө оор абал Иркутск облусунда, Красноярск крайында жана Якутия менен Бурятияда байкалууда. Путин Коргоо министрлигине өрттү өчүрүүгө көмөктөшүүнү тапшырды. Аталган ведомство тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн он учак менен он тик учак жөнөткөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0