Дарбызды ашыкча жебе! Дарыгер ден соолукка зыян жагын айтып берди

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүКамышинский арбузный фестиваль
Камышинский арбузный фестиваль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, дарбызды ченемден ашык жеп алуу айрым илдети бар адамдарга кесепетин тийгизиши ыктымал.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Адам күнүнө дарбызды жарым килограммдан эле жеп турса жетиштүү болорун "Известия" жогорку категориядагы дарыгер-терапевт Ольга Саакянга шилтеме берип жазды.

Проблема лишнего веса в Китае - Sputnik Кыргызстан
Эртең мененки тамакты ичпегендин кесепети айтылды
Дарыгердин айтымында, дарбызды ченемден ашык жеп алуу айрым илдети бар адамдарга кесепетин тийгизиши ыктымал. Тагыраагы, буга заара түтүкчөсү бузулуп, бөйрөгү бүк түшүргөндөр, аденома (бездин бөтөнчө дарты) менен жабыркагандар жана ушул оорудан жаңы операция жасатып чыккандар кирет.

Ошондой эле дарбызды тоё жеп алуу ичти алып, көптүрүп, көңүл айлантат дагы ичеги-карындын иштешин бузары айтылат.

Саакян белгилегендей, дарбыздан аллергия болгондор чанда. Эгер ошондой көйгөй жаралса, аны жебей турган оң.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0