Жерге күн сайын космостон 100 тонна таштанды түшөт. Иликтөө

© Фото / NASA Johnson / Earth Observations "Islands In The Sky"Планета земля
Планета земля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Россия космостук коркунучтардын алдын алуу боюнча улуттук программанын долбоорун даярдап жатат.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Күн сайын жерге космостон 100 тоннага жакын чаң жана метеорит түшүп турат. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын астрономия институтунун илимий жетекчиси Борис Шустов айтканын РИА Новости агенттиги жазды. 

Учурда Россия космостук коркунучтардын алдын алуу боюнча улуттук программанын долбоорун даярдап жатат. Аталган иш-чаралар Россиянын бул маселедеги ролун жогорулатуу үчүн жасалууда.

Пуск РН Союз-ФГ с ТПК Сoюз МС-13 - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин үстүнөн учкан космос кемеси. Ажайып сүрөт
Шустов ошондой эле космостогу орбитадан чыгып кеткен же учурулуп кайра түшпөй калган спутниктер жана башка калдыктар жерге аз түшөрүн айтат. Негизги коркунучту космостук таштандылар — космостогу чаң, метеориттер түзөт.

Белгилей кетчү жагдай, бүгүнкү күнү коркунучтуу астероиддерди аныктоо боюнча Россиянын кошкон салымы 0,1 пайыздын тегерегинде. Негизги иштерди АКШнын окумуштуулары жасап жатат. 2019-жылдын башында алынган маалымат боюнча, коркунуч жараткан 18 миң объект бар. Алардын 99 пайызы — астероиддер.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0