Украинанын экс-президенти Петр Порошенко өзүнө кылмыш иши козголбогонун айтты

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүПоездка П. Порошенко во Львов
Поездка П. Порошенко во Львов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдараак экс-президенттин жана жогорку кызматтагы адамдардын тиешеси бар делген 11 кылмыш иши иликтенип жатканы айтылган.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Украинанын экс-президенти Петр Порошенко өзүнө карата бир да кылмыш иши козголбогонун айтып чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Мурдараак Украинанын Иликтөө боюнча мамлекеттик бюросунун директору Роман Труба экс-президенттин жана жогорку кызматтагы адамдардын тиешеси бар делген 11 кылмыш иши иликтенип жатканын билдирген. "Украинская правда" интернет-басылмасы дүйшөмбүдө маалымат булагына таянып Порошенко мамлекеттик күзөттөн баш тартып, үй-бүлөсү менен Түркияга чыгып кеткенин кабарлаган.

"Мага бир дагы кылмыш иши ачылбаганын баса белгилеп айтып коёюн. Петр Порошенко мыйзамды бузду делген бир да факты таба алышпайт. Бул туура эмес", — деп Порошенко "Украинская правда" басылмасына берген маегинде айткан.

Буга чейин экс-президентке мамлекеттик чыккынчылыктын белгилери боюнча иш козголгону айтылган болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0