Пакистанда аскер учагынын кулап түшкөн учурун күбө видеого тартып калган

© REUTERS / StringerКрушение военного самолета в Пакистане
Крушение военного самолета в Пакистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан 19 киши каза болуп, жакын жайгашкан үйлөр күйүп кеткен.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Пакистанда аскер учагынын кулап түшкөн учурун күбө видеого тартып калган. Аны Twitter баракчасына жарыялады.

​Учак дүйшөмбүгө караган түнү Пакистандын түндүк-чыгышында кулап түшкөн. Акыркы маалыматтар боюнча 19 киши каза болуп, 16 киши түрдүү жаракаттарды алган. Каза болгондордун арасында жай тургундар да бар.

Учак машыгуу каттамдарын жасап жаткан. Ал жерге кулап түшкөндө жалын каптап, жакын турган үйлөр да күйүп кеткен. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0