Периште бойдон кетишти... Согуштан мертинген балдардын саны рекордго жетти

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүСитуация в сирийском городе Маалюля
Ситуация в сирийском городе Маалюля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңжалдардан улам ажал таап жана жаракат алган балдар Афганистанда эң көп катталып, саны 3062ге жеткен.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Дүйнөдө болуп жаткан согуштун кесепетинен набыт болгон жана жаракат алган балдардын саны 2018-жылы мурда болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Бул туурасында БУУнун баш катчысы өз докладында билдиргенин РИА Новости жазды.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш. Архив - Sputnik Кыргызстан
БУУнун катчысы кансыз согуштун алдын алуу жолун айтты
БУУнун Согуштар жана балдар жөнүндөгү докладына ылайык, жаңжалдан улам ажал таап жана жаракат алган балдар Афганистанда эң көп катталып, саны 3062ге чамалайт. Ал эми Сирияда 1854, Йеменде 1689 бала запкы жеп, мертинген. Сомалиде дагы согуштун кесепетин тарткан жана периште бойдон учуп кеткен балдардын саны өсүп 2300гө жетсе, Нигерияда 1947ни түзөт.

Мындан сырткары, 2018-жылы 933 бала сексуалдык зомбулук көргөнү тастыкталган. Анын ичинен Сомалиде 331, Конго Демократиялык Республикасында 277 бала экени көрсөтүлгөн.

Ал эми 2490 бала уурдалганы маалымдалат. Анын ичинен Сомалиде 1609, Конго Демократиялык Республикасында 367, Нигерияда 180, Түштүк Суданда 109, Сирияда 69, Африкада 62, Суданда 22, Филиппинде 13 экени белгилүү болду.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0