Зеленскийдин пляждагы сүрөтү украиналыктардын жинин келтирди

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүЗаседание Украинского национального совета
Заседание Украинского национального совета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украинанын президенти жалпы элге көңүлдүү эс алуу каалаган.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Украинанын башчысы Владимир Зеленскийдин президенттик администрациянын жетекчиси Андрей Богдан менен Одессадагы пляждардын биринде түшкөн сүрөтү украиналыктардын арасында кызуу талкуу жаратты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Володимир Зеленський (@zelenskiy_official)

"Өлкөдө согуш, жаш жигиттер өлүп жатат, азык-түлүктүн баасы асманда. Ал эми президент пляжда жыргап жүрөт. Башка сөз жок", — деп жазды Алексей Черняховский.

"Пляжда тартылган сүрөт. Шаурма менен түшкөн сүрөт. Ниагаранын жанындагы сүрөт. Фонтандын жанындагы сүрөт. Мына сага, президент иштеп жатат", — деп Валентина Дервисис жазды.

Выборы на Украине - Sputnik Кыргызстан
Зеленский Киевдин мэри Кличкону "нокаутка" кетирмей болду
"Хайп үчүн дагы бир хайптын кереги барбы?", — деп Ольга Косинская суроо салды.

Айрым колдонуучулар мамлекет башчысынын эс алып жатканы кадыресе эле көрүнүш экенин айтып, аны колдогон пикирлерин жазды.

"Порошенконун учурунда деле согуш болгон, бирок ал жашыруун түрдө Мальдив аралдарында эс алчу. Зеленскийдин буга чейин тапкан акчасы Одессада эс алганга жетет. Кишинин эс алууга акысы бар", — дейт 4annamamchur.

Интернет колдонуучулардын кээси президенттин жанында турган итти да байкашкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0