Эртең мененки тамакты ичпегендин кесепети айтылды

© AFP / FRED DUFOURПроблема лишнего веса в Китае
Проблема лишнего веса в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар нанүштө (эртең мененки тамак) ичпей койгондордун толуп кетүү ыктымалдыгын баса белгилешкен.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бразилиядагы Сан-Паулу университетинин окумуштуулары эртең мененки тамакты ичпегендик өспүрүмдөрдүн толуп кетүүсүнө жана 2-типтеги кант диабети менен жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келерин айтышкан. Бул туурасында MedicalXpress сайтында кабарланды. 

Центр для похудения в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Япон окумуштуулары ашыкча салмак алуунун жаңы себебин аныкташты
Адистер 12-17 жаш курагындагы 3528 өспүрүмдү байкоого алган. Алар Европанын ири 10 шаарында жана Бразилияда жашаган балдар-кыздар болгон.

Эки тарапта жашаган балдардын жашоо образы, спорт менен машыгуусу, кыймылдуу болушу, тамак-ашы жана анын рациону, ооруп калуу тобокелдиги изилденген. Муну менен кошо эле денесинин салмагы, бою менен белинин канча экенин да кошо катташкан.

Окумуштуулар изилдөөгө алынгандардын тамак ичүүсү боюнча маселеге келгенде, нанүштө ичпей койгондордун толуп кетүү ыктымалдыгын баса белгилешкен.

Эртең мененки тамакка табити тартпаган эркек балдардын белин ченей келгенде тамак жебегендерге караганда 2,13-2,61 сантиметрге чоңураак болгондугу аныкталган. Ал эми кыздардыкы 1,97 сантиметрге жоондук кылган. Алардын денесинин салмагы да көбөйгөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0