Жеки Чандын Димаштын ырдаганына суктанып жана таңгалган видеосу

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАктер Жеки Чан. Архив
Актер Жеки Чан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрдан Димаш жогорку нотаны алып ырдаганын дүйнөгө белгилүү актер дем тартпай угуп калганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Казакстандык жаш ырчы Димаш Кудайбергендин ырдаганы кытай актеру Жеки Чандын таңгалуусу менен суктануусун жараткан. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Жеки Чандын экшн-фильмдеринин эл аралык жумалыгынын ачылышына жасалган репетициянын видеосу Facebook тармагына жайгаштырылган. Ролик 21-июлда Датун шаарында тартылган.

Кадрдан Димаш жогорку нотаны алып ырдаганда дүйнөгө белгилүү актер аны дем тартпай угуп калганын көрүүгө болот.

Жумалыктын ачылышында Димаш The Crown, Screaming жана Unforgettable Day композицияларын аткарган. Акыркы ырды казакстандык ырчы тайвандык ырчы Терри Лин менен дуэт кылып алып чыгышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0