Аялдын төшүн операциясыз чоңойтсо болобу? Хирург 4 көндүм кепти жокко чыгарды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМодель. Архив
Модель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер төш 17 жаштан кийин өспөйт деген түшүнүк туура эмес экенин айтты.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Британиялык пластикалык жана эстетикалык хирург Жаклин Льюис аялдардын төшү тууралуу эл ичинде айтылган көндүм кептерди жокко чыгарды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Биринчи миф — физикалык көнүгүүлөр көкүрөктү чоңойтот. Бул жарым-жартылай жаңылыш түшүнүк. Көнүгүүлөр аял жаш кезинде гана анча-мынча жардам берип, көкүрөктү көтөрүңкү кармап турат. Жашы өтүп, организм карып бараткан учурда көнүгүүнүн пайдасы тийбейт.

День святого Валентина в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Эркектин ала жипти атташына табият күнөөлүүбү? Төшөк кумары жөнүндө 5 миф
Экинчи миф — эмчек тарткыч төштүн формасын сактап турат. Бул дагы туура эмес пикир. Эмчек тарткыч форманы аны кийип турган кезде гана кармайт. Мисалы, төрөттөн кийин өзгөргөн форманы бир дагы эмчек тарткыч калыбына келтире албайт.

Үчүнчү миф — төш 17 жаштан кийин чоңойбойт. Кош бойлуу жана эмизүү маалында көкүрөк чоңоет. Буга аялдар ойлогондой сүт гана себепкер эмес. Эмчек чындап эле өсөт.

Төртүнчү миф — төш операциясыз чоңойбойт. Льюистин айтымында, көкүрөктү операциясыз чоңойтуунун бир жолу бар. Ал үчүн фенхель чөбүн (ашкөктүн бир түрү) кайнатып ичүү керек. Ал эмчек бездерине оң таасир этип, төштү убактылуу чоңойтуп коет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0