Көп алып кете албайсың! Россияга бараткандардын жүгүнө чектөө киргизилет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖүк текшерип жаткан аэропорт кызматкери. Архив
Жүк текшерип жаткан аэропорт кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы эреже боюнча Россияга баратканда нормадан көп мөмө-жемиш же жашылча бажы көзөмөлүнөн өтө албайт.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. 19-августтан тарта Россияга мөмө-жемиш, жашылча жана гүл алып кирүү үчүн жаңы эреже иштеп баштайт. Бул туурасында РИА Новости агенттиги жазды.

Ага ылайык, башка өлкөдөн бараткан жарандар беш килограммдан ашпаган мөмө-жемиш жана жашылча, үчтөн көп эмес букет гүл менен гана өтө алат. Букеттин гүлү же жалбырагы 15ке чейин болушу шарт. Мындан көп өлчөмдө жүк алып киргендерден чек арадан фитосанитардык сертификат талап кылынат. Эгер тийиштүү документ жок болсо жүк артка кайтарылып же ошол жерде жок кылынат.

Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФтен акча которууга чектөө коюлду. Абал кыргызстандыктарга кандай таасир этет
Жаңы нормалар фитосанитардык тобокелчилиги жогору турган продукцияларга киргизилгени белгиленет. Бул тизмеге курма, инжир, ананас, авокадо, гуава, манго, мангустин, ошондой эле өрүк, алча, гилас, шабдалы, кара  өрүк жана цитрус өсүмдүктөрү кирген.

Мындан сырткары, буурчак, жаңгак, томат, капустанын ар кандай түрлөрү, сабиз, шалгам, чамгыр, бадыраң, пияз жана кулпунайга чектөө коюлду.

Жаңы эрежелер суу, аба, темир жол жана автоунаа транспортторунун баарына тиешелүү экени айтылат. Ошондой эле транспорт каражаттарын башкарып жана жүргүнчүлөрдү тейлеп бара жаткан адамдар да Евразия экономикалык биримдиктин аймагынан кирип жатканда ушул эрежени сакташы зарыл. Ушундай эле чектөөлөр почта аркылуу жиберилген жүктөргө да коюлган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0