05:19 23 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7961
  • EUR77.4597
  • RUB1.0636
Украинанын Жогорку Радасына болгон шайлоодо добуш берип жаткан адам

Украинадагы шайлоо боюнча экзит-поллдун алгачкы жыйынтыгы чыкты

© Sputnik / Стрингер
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
110 0 0

Парламентке мурдагы саясатчылардын да партиялары өттү.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik.Украинанын Жогорку Радасына болгон шайлоодо беш партия өткөндүгү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгында айтылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Алдыда Владимир Зеленскийдин "Слуга народа" партиясы 43,9 пайыз менен келе жатат, андан кийинки орунда 11,5 пайызы менен "Оппозиционная платформа - за жизнь", үчүнчү болуп 8,9 пайыздык көрсөткүчтө "Европейская солидарность" турганы маалымдалды. Акыркы партия мурдагы президент Петр Порошенкого таандык.

Радага ошондой эле мурдагы саясатчы Юлия Тимошенконун "Батькивщинасы" 7,6 жана музыкант Святослав Вакарчуктун "Голос" саясий биримдиги 6,3 пайыз менен өткөнү айтылды.

Зеленский шайлоодон кийин элге ыраазылыгын билдирди. Анын партиясынын парламентке өтүшү мыйзам демилгелеринин ишке ашуусуна мүмкүнчүлүк берерин айтты. Мамлекет башчысы жаңы прокурорду дайындоого убада берди. Президенттин импичменти жөнүндө мыйзамды кабыл алуу туурасында да айтты. Партиянын лидери Дмитрий Разумков депутаттык кол тийбестикти алууну колдой тургандыктарын билдирди.

Эске салсак, 20-майда Украинанын президенттик кызматына киришкен Владимир Зеленский Жогорку Раданы мөөнөтүнөн мурда таратып жиберип, кийинки шайлоо дайындалган.

Тема боюнча

Зеленскийдин кортежи балдарды ташып бара жаткан автобус менен сүзүштү
Зеленский коргоо министрин түртүп жиберген видео. Президенттин аппараты жооп берди
Белгилер:
жыйынтык, парламенттик шайлоо, Украина

ЭҢ МААНИЛҮҮ