Албаниялык киши кесилген бутунун сүрөтүн тамекинин сыртынан көрүп шок болду

© AFP / LOIC VENANCE Тамеки. Архив
Тамеки. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал бутунан чылымдын айынан эмес, бирөөлөр кол салгандан кийин жоготуп алганын айтат. 

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Франциянын чыгышында жашаган 60 жаштагы албаниялык жаран тамекинин кутучасынын сыртынан өзүнөн ампутацияланган бутунун сүрөтүн көрүп алып шок абалында калган.

Проблема проституции в США - Sputnik Кыргызстан
Миңдеген кыз-келиндин интимдик сүрөттөрү интернетке тарады. Британиядагы окуя
ВВС жазганына караганда, сүрөт Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн аймагында сатылчу тамекинин кутучасына колдонулган. Анда "Чылым чегүү кан тамырлардын ишин начарлатат" деп жазылган. Аны бутсуз калган албаниялыктан уулу Люксембургда жүрүп, тамеки сатып алганда байкап калган.

Өзүнүн айтымында, бутунан чылымдын айынан эмес, 1997-жылы мекенинде жүргөндө кол салуудан улам ажыраган. 

Жабырлануучунун жактоочусу сүрөт чылымдын кутусунда кандайча пайда болгонун билүү үчүн Европа комиссиясына кат жолдоду. Анткени ал эч качан бул сүрөттү кайсы бир жерге жарыялоого ураксат берген эмес. Өзүнүн божомолунда кадр ал бутунан ажыраган кезде кайрылган ооруканада жасалышы мүмкүн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0