БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. АКШ конгрессинин сенатындагы демократиялык азчылыктын лидери Чак Шумер россиялыктар тарабынан иштелип чыккан FaceApp тиркемеси АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратарын айтып, ФБРдин жетекчисине кат менен кайрылды. Ал тийиштүү катты өзүнүн Twitter баракчасына жайгаштырган.
BIG: Share if you used #FaceApp:
— Chuck Schumer (@SenSchumer) 18 июля 2019 г.
The @FBI & @FTC must look into the national security & privacy risks now
Because millions of Americans have used it
It’s owned by a Russia-based company
And users are required to provide full, irrevocable access to their personal photos & data pic.twitter.com/cejLLwBQcr
FaceApp тиркемесин россиялык Wireless Lab компаниясы иштеп чыккан. Анын жардамы менен адам чач жасалгасын өзгөртүп, бетине боек коюп, денесине татуировка коюлган сүрөттөрдү жасай алат. Мындан сырткары, тиркеме аркылуу адамдын келбетин картайтып жана кыздарды эркекке, эркектерди кыздарга айландырган суротторду жасоого болот. Тиркеме дүйнө жүзүнө тарап, тез эле популярдуу болуп чыга келди.
"FaceApp тиркемеси аркылуу түрдүү сүрөттөрдү жасаса болот экен. Бирок аны колдонуу үчүн жарандар компанияга жеке сүрөттөрүн жана маалыматтарын кароого уруксат бериши керек", — деп Шумердин катында айтылат.
Ал эми Wireless Lab компаниясы TechCrunch порталына берген түшүндүрмөсүндө, серверге колдонуучу тандаган гана сүрөтү келерин билдирген.
"Жүктөлгөн сүрөттөрдүн көбү 48 сааттын ичинде өчүрүлөт", — дешти компаниядан.
Алар ошондой эле колдонуучулардын маалыматтары эч кимге сатылбай турганын белгилешкен.