Билл Гейтс миллиардерлердин тизмесинде үчүнчү сапка түшүп калды

© AP Photo / Markus SchreiberMicrosoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс. Архив
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гейтс буга чейин жети жыл катары менен биринчиликтен түшкөн эмес.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс Bloomberg Billionaires Index рейтингинде жети жылда биринчи ирет үчүнчү орунга түштү. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.

Дүйнөнүн эң бай адамы Жефф Безос аялы Маккензи менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң бай киши Жефф Безос аялы менен мүлкүн бөлүштү
Бул ирет дүйнөдөгү эң бай адам деп Louis Vuitton Moët Hennessy компаниясынын президенти Бернар Арно табылды. Ал жетектеген компания 107,6 миллиард доллар деп бааланды. Ишкер болсо бир жылда эле байлыгын 39 миллиард долларга көбөйткөн. Ошентип Арнонун байлыгы Гейтске салыштырмалуу 200 миллион долларга көп.

Экинчи орунду Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос ээледи.

Гейтстин эң бай адамдардын тизмесинен жылмышып түшүшүнүн себеби бар. Ал 35 миллиарддан ашык долларды Билл жана Мелинда Гейтс фондуна кайрымдуулук катары которгон.

Үч миллиардердин каражаты S&P 500, Walmart, Exxon Mobil жана Walt Disney өңдүү компаниялардын байлыгынан ашып түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0