Леди Гаганын Instagram баракчасы россиялыктардын чатына айланып кеткенде

© AP Photo / Jordan StraussАмерикалык ырчы Леди Гага. Архив
Америкалык ырчы Леди Гага. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык интернет колдонуучулар Леди Гаганын баракчасына кирип тамак-аштардын рецепттери менен бөлүшө баштады.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Леди Гаганын Instagram баракчасында өзгөчө флешмоб жүрүүдө.

ВВС жазганына караганда, бардыгы ЖМКларда Брэдли Купер менен Леди Гаганын ортосундагы сүйүүсү тууралуу малымат тарагандан кийин башталган. Тагыраагы, Instagram тармагынын орус тилдүү колдонуучулары америкалык актердун модель Ирина Шейктен кетип, популярдуу ырчы менен сүйлөшүп баштаганы тууралуу кабарлар тарагандан кийин нааразычылыктарын билдире башташкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Lady Gaga (@ladygaga)

Колдонуучулар Леди Гаганын баракчасына кирип, тамаша иретинде түрдүү комментарийлерди калтырышууда. Ошентип чет элдик ырчынын аккаунту бир заматта россиялыктардын чатына айланып кетти.

"Эх, Гага, Гага... Эмненин башын баштадың. Биздин орус кыздын бактысына балта чаптың!" — деп колдонуучулардын бири жазган.

Комментарийлердин арасынан "Крымды кайтардык, Бредлини дагы кайтарабыз" деген тамашалуу билдирүүлөрдү окууга болот.

Россиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Нурмагомедов бөтөлкө челленджине элден башкача катышты. Видео
Колдонуучулар бир маалда Гага, Купер жана Шейкти унутуп калып дээрлик бардык темада пикир алыша башташкан.

Мисалы, тамак-аштын рецепттери тууралуу талкуу популярдуу болуп кеткен. Бирөөлөр борщту кантип жасаш керектигин айтса, дагы бири экзотикалык өсүмдүктөрдү тандоо жолун айтып берген. Дагы башкалары күйөөлөрүнөн балдарын бала бакчадан ала кетүүсүн өтүнүп, билдирүү калтырышкан.

Учурда ырчынын баракчасындагы орус тилдүүлөрдүн комментарийлери он миңдеп саналат.

Кийинчерээк Россиянын жылдыздары дагы комментарий жаза башташты.

"Хинкали кантип жасалат?" — деп шоумен Гарик Харламов суроо салды.

Ага Comedy Club шоусундагы кесиптеши Гарик Мартиросян жооп кайтарды.

"Харламов, мага чалсаң", — деп жазды ал.

Ирина Шейк Брэдли Купер менен төрт жыл чогуу жашап, Леа аттуу кыздуу болгон.

Ал эми Леди Гага Купер менен "Звезда родилась" аттуу мюзиклге тартылган. Ырчы Shallow саундтрегин аткарып "Оскар" алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0