Меркель денесин калтырак басканда эмне деп күбүрөнгөн? Эксперттин аныктамасы

© REUTERS / HANNIBAL HANSCHKEГерманиянын канцлери Ангела Меркель
Германиянын канцлери Ангела Меркель - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ангела Меркель Финляндиянын премьер-министри Антти Ринне менен жолугушуу учурунда денесин үчүнчү ирет калтырак баскан.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Адамдын сүйлөгөнүн эринден окуган адис Жудит Хартер Германиянын канцлери Ангела Меркель денесин үчүнчү жолу калтырак баскан учурда эмне деп күбүрөнгөнүн аныктады. Бул тууралуу эксперт Antenne Bayern радиосуна берген маегинде айтып берген.

10-июлда Ангела Меркель Финляндиянын премьер-министри Антти Ринне менен жолугуп жатканда денесин үчүнчү ирет калтырак баскан болчу. Кийин Меркель журналисттерге өзүн жакшы сезип жатканын, тынчсызданууга негиз жок экенин айткан.

Видеодо Меркель өзүнчө бир нерселерди күбүрөнүп жатканын көрүүгө болот. Эксперт Хартердин ырасташынча, канцлер "Менин колумдан келет" ("Ich schaffe das") деп сүйлөнгөн.

Германиянын канцлерин ушуну менен үчүнчү ирет эл алдында калтырак басып жатат. Буга чейин ушундай эле көрүнүш Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон расмий жолугушууда болгон. Андан көп өтпөй эле Меркель өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугуп жатканда денесин капысынан калтырак баскан.

Жаңылыктар түрмөгү
0