Алжирликтер Парижде футболдук беттештен кийин дүкөн талады. Видео

© AFP / DOMINIQUE FAGET Алжирден Францияга келгендер Париждин борборунда башаламандык уюштуруп, дүкөндөрдү тоноду
 Алжирден Францияга келгендер Париждин борборунда башаламандык уюштуруп, дүкөндөрдү тоноду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаалданган күйөрмандарды тартип сакчылары тизгиндеген.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Алжирден Францияга келгендер Париждин борборунда башаламандык уюштуруп, дүкөндөрдү тоноду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Жумага караган түнү Алжирдин курама командасынын күйөрмандары анын Африка кубогунун жарым финалына чыгышын белгилөөнү чечкен.

Окуя болгон жерден Sputnik France видео жарыялады.

Эл Елисей талаасынын районуна Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:00 чамасында чогулган. Башаламандык эки сааттан кийин башталып, ээнбаштар дүкөндөрдү талкалап баштаган.

Агенттиктин маалыматына караганда, бутага мотоцикл саткан дүкөн алынган. Мародёрлор ал жерден кол каптарды, башка кийген каражаттарды, ал тургай мотоциклдерди алып чыга баштаган. Полиция келгенден кийин талап-тоноо кан буугандай токтогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0