Өлдү деген уулунун көзүндөгү жашты байкаган энеси аны сактап калды. Индиядагы окуя

© AFP / STRМорг. Архив
Морг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорулуу дене табы көтөрүлүп, куса бергендиктен июнь айынын аягында ооруканага кайрылган. Дарыгерлер ага өтүшүп кеткен гепатит деген диагноз койгон.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Индиянын Теланган штатында жаш жигитти аз жерден тирүүлөй өрттөп сала жаздашты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

​Гэндэм Киран аттуу бала дене табы көтөрүлүп, куса бергендиктен июнь айынын аягында ооруканага кайрылган. Дарыгерлер ага өтүшүп кеткен гепатит деген диагноз койгон. Абалы оорлоп кеткенде аны менчик клиникага которушуп, ал жактан оорулуу комага түшүп калган.

Бир аптадан кийин дарыгерлер жигиттин мээси ишин токтотконун айтып, туугандарына жүрөгүн соктуруп жаткан аппаратты өчүрүүнү сунушташкан.

"Өлдү делген Киранды үйүнө алып келип, "сөөгүн" өрттөөр алдында энеси уулунун көзүнөн бир тамчы жаш чыгып калганын байкап калат. Ошол замат Тез жардам чакырып, келген дарыгерлер анын жүрөгү согуп жатканын аныкташты", — деп жазылат макалада.

Ооруканага жеткирилген Киран үч күндөн кийин эсине келип, сүйлөй баштаган. Учурда ооруканадан чыгып, дарылануусун үйдө улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0