Аптапта калган ак куулар. Казак чабандын үйүн байырлаган канаттуулардын видеосу

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүПриродный орнитологический парк в Сочи
Природный орнитологический парк в Сочи  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш ак куу кургакта калгандыктан адамзатты байырлап, чаңдуу болсо да короосуна келген.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ысыкта калып кырылып кала жаздаган ак кууларды Боранкул айылынан 650 чакырым аралыктагы Кара-Көлгө жеткиришти. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Государственный природный комплекс заказника Лебединый в Алтайском крае - Sputnik Кыргызстан
Ак куу "түгөйүн" сактайм деп жан далбастаганда. Жүрөк ооруткан видео
Жаратылыштын бул жакшынакай канаттууларын сууга жеткирүүгө болжол менен 10 саат кеткен.

Буга чейин интернетте чабан үйүнүн жанында топурак чаңда сөөлөтүнөн жазбай койкоюп жаткан беш ак кууну телефондун камерасына тартып көрсөтүп, экологдор үчүн коңгуроо каккан.

Жаныбарларды тамактандырууга аракет кылып, чылапчынга суу куюп койгон аракети майнапсыз болгон. Мындан кийин гана фермер Мангус-Тоо облусунун тиешелүү кызматына кайрылган.

Адистер чабандын үйүнө келип, ал аймактагы коруктан канаттууларды Кара-Көлгө кое берүүнү чечишкен. Алар 10 сааттай убакыт тынбай жүрүп отуруп, ак кууларды сууга кое беришкен.

"Боранкул айылы канаттуулардын миграция кылган аймагына кирет. Ары-бери учкан мезгилде ошол жердеги анча чоң эмес көлмөгө конушса керек да, тамак-ашы жок болгондуктан алсырап уча алышпай калган өңдүү. Биз аларды сактап калууга көмөктөшкөн фермер Келибай Ибраевге ыраазылык билдиребиз", — деген аймактык облустук токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсүнүн өкүлү Габбас Досатов.

Анын айтымына караганда, ак кууларды алып барып кое берген жерде да бул канаттуулардын тобу табылып, саны 200гө чукул экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0