Сауд Аравиянын канбийкеси жумушчуга зомбулук көрсөткөн деп соттолууда

© AFP / DAMIEN MEYER Фемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиянын мураскер канзаадасы Мухаммед бин Салмандын эжеси алты айга кесилип, беш миң евро айып төлөшү ыктымал.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Франциянын соту канбийке Хасса бин Салманды кармоого ордер берди. Бул тууралуу CBSNews маалымат агенттиги жазды.

Казакстандын билим берүү министринин орун басары Элмира Суханбердиева - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын билим берүү министринин орун басары соттолду
Канбийке анын Париждеги үйүндөгү жумушчуга зомбулук көрсөткөн деп айыпталууда. Берилген арызга ылайык, 42 жаштагы Хасса бин Салман 2016-жылы анын үйүндө оңдоо иштерин жасап жаткан жумушчуну жансакчыларына сабаткан. Ошондой эле жумушчуну кемсинтишип, канбийкенин алдына чөгөлөтүп, бутун өбүүгө мажбурлашкан.

Сауд Аравиянын канбийкеси жумушчуну үйдүн интерьеринин сүрөттөрүн ЖМКга сатып жатат деп шектенген.

Прокурор Хасса бин Салманды жарым жылга эркинен ажыратып, 5 миң евро өлчөмүндө айып төлөөсүн талап кылууда. Ал эми анын жансакчылары сегиз айга кесилип, беш миң евро төлөшү ыктымал. Канбийке ага коюлган бардык айыптоолорду четке кагууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0