АКШда аюу "уурдап бараткан" автоунаасын талкалап салды. Сүрөт

© Sputnik / Илья Тимин / Медиабанкка өтүүАюу. Архив
Аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
aksh-ayuu-unaa-talkaloo Кырсык болгондон кийин аюу машинанын ичинен чыгып кетүүгө үлгүргөн.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Американын Боулдер шаарында аюу машинаны "уурдап баратып", жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында полициянын маалымат кызматы Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

Аюу ичи бекитилбеген автомашинанын ичине киргенден кийин кокусунан эшиги жабылып калган. Кайра чыгууга жандалбастаган жаныбардын колу-бутунун бирөө ылдамдыкты жөнгө салуучу өткөргүчкө тийип, автоунаа ордунан жылып кеткен. Айдоочусу жок автоунаа даракты сүзгөн. Андан кийин жырткыч салондон чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Мунун кесепетинен автокөлүк талкаланып калган.

Полициянын маалымат кызматы жергиликтүү тургундарды бул окуяны мисал катары келтирип, автоунааларды ачык калтырбоону эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0