Кытайда катуу жаандан үйлөр урап, 77 миң киши эвакуацияланды

© AFP / STRЗатопленные здания после сильного дождя, вызвавшего наводнение в Хэнъяне в провинции Хунань в центральном Китае. 9 июля 2019 года
Затопленные здания после сильного дождя, вызвавшего наводнение в Хэнъяне в провинции Хунань в центральном Китае. 9 июля 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн бир нече провинциясында нөшөрлөгөн жаан токтобой жатат.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кытайда нөшөрлөп жааган жаандын айынан 77 миң адам эвакуацияланды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кеп Чжэцзян, Цзянси, Хунань, Сычуань, Гуйчжоу, Чунцин жана Гуанси-Чжуан провинциялары тууралуу болуп жатат.

Бир нече күндөн бери токтобогон жамгыр 1,6 миллион адамдын жай турмушун бузуп, 77 миң жаран коопсуз жакка көчүрүлдү.

"1,6 миң имарат урап, дагы 7,9 миңине ар кандай деңгээлде зыян келтирилди. Азырынча экономикалык чыгым 390 миллион доллар деп бааланууда", — деп жазылат макалада.

Метеорологдор шаршемби күнү дагы нөшөрлөгөн жаан уланаарын билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0