Путин менен болгон жолугушууда студент кыз эсин жоготту. Видео

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ Владимир Путин на встрече со студентами и аспирантами во время посещения Уральского федерального университета (УрФУ) имени Б.Н.Ельцина в Екатеринбурге.
Президент РФ Владимир Путин на встрече со студентами и аспирантами во время посещения Уральского федерального университета (УрФУ) имени Б.Н.Ельцина в Екатеринбурге. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Студент кызды залдан алып кеткенден кийин президент дарыгер чакырууну суранды.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Урал федералдык университетинин студенти Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда эсин жоготту.

Окуя 9-июлда Екатеринбург шаарында болгон. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп жаткан. Бир сааттан кийин катышып жаткан студент кыз өзүн жаман сезип, полго жыгылган. Путин аны көргөндөн кийин кызга тезинен жардам берүү керектигин айтып, дарыгер чакырууну өтүнгөн. Окуянын видеосу Twitter социалдык тармагына жарыяланды.

​"Кызга жардам бергиле. Акырын алып чыккыла. Олуттуу эч нерсе жок деп ойлойм", — деди Путин.

Залда отурган вице-премьер Татьяна Голикова кызга жардам берүү үчүн сыртка чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0