Окумуштуулар кишинин булчуңун өстүрө турчу азыкты табышты

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытый чемпионат КР по бодибилдингу IFBB в Бишкеке
Открытый чемпионат КР по бодибилдингу IFBB в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиянын окумуштуулары 46 киши менен чогуу изилдөө жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Берлин университетинин окумуштуулары шпинатты тамакка кошуп жесе салмак алып, булчуңдар өсөрүн аныкташкан. Бул тууралуу Focus басылмасы жазды.

Чуркап бараткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакшы окугуң келсе, көп кыймылда. Окумуштуулардын иликтөөсү
Адистердин баамында, жашылчада табигый допинг саналган эксдистерон, фистероид заттары бар.

Изилдөөгө катышкан бир ыктыярчы шпинаттан жасалган коктейлди дайыма ичип салмак алган жана булчуңдары бир кыйла өскөн. Окумуштуулар жалпысынан 46 кишиге изилдөө жасашкан. 10 жумага созулган тажрыйба учурунда ыктыярчылар түрдүү дене-бой көнүгүүлөрүн жасашкан. Жыйынтыгында, илимпоздор шпинат адамдын булчуңдарын өстүрө турганын аныктайт деген бүтүмгө келишкен. Аталган жашылча түрдүү минералдарга, витаминдерге жана белокторго бай.

Жаңылыктар түрмөгү
0