Араб Эмирлигинен качкан канайым жансакчысы менен мамиледе болгон деп шектелүүдө

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБириккен Араб Эмирлигинин премьер-министри, Дубайдын эмири шейх Мохаммед бен Рашид Аль Мактумдун аялы Хайя бинт аль-Хусейн. Архив
Бириккен Араб Эмирлигинин премьер-министри, Дубайдын эмири шейх Мохаммед бен Рашид Аль Мактумдун аялы Хайя бинт аль-Хусейн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейх Мохаммед бен Рашид Аль Мактумдун аялы Хайя бинт аль-Хусейн жансакчысына кымбат баалуу белектерди бергени шек жараткан.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин премьер-министри, Дубайдын эмири шейх Мохаммед бен Рашид Аль Мактумдун аялы Хайя бинт аль-Хусейн сакчысы менен жылуу мамиледе болгон деп шектелүүдө. Бул тууралуу The Sunday Times басылмасы жазып чыкты.

Басылманын жазганына караганда, Дубайдын эмири аялы жансакчысы менен жүргөнүнөн мурда эле шек санап жүрчү. Анткени жубайы жансакчысына кымбат баалуу белектерди берип турган. Бул шейхтин үй-бүлөсүн күмөн саноого түрткөн.

Шейх Лондондогу үйүнө келген убакта алты жубайынын бирин (Хайя бинт аль-Хусейнди – ред.) жансакчысы менен кармап алган деген маалымат такталып атат.

Франция президенти Эммануэль Макрондун жубайы Брижит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Франциянын канайымы Брижит Макрон сериалга тартылды
Маалымат булактардын айтымына караганда, шейхти жубайынын жүрүм-туруму таң калтырып, аны Бириккен Араб Эмирлигине кайтуусун талап кылган. Бул талабына канайым баш ийбей, кийин ажырашууга арыз берген болчу.

Эскерте кетсек, канайым Хайя бинт аль-Хусейн 11 жаштагы кызы жана жети жашар баласы менен Германияга качып, ажырашуу үчүн документтерди берген. Канайым өзү менен кошо 31 миллион фунт стерлингди (39 миллион доллар) ала кеткен.

The Sun басылмасы белгилегендей, Хайя бинт аль-Хусейндин бул кадамы Германия менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы дипломатиялык кризиске себеп болгон. Айрым маалыматтар боюнча эмир аялын жана балдарын кайтарып берүү үчүн Германиянын бийлигине кайрылган, бирок немис тарап баш тарткан.

Шейх Мохаммед бин Рашид 69 жашта. Канайым Хайя бинт аль-Хусейн Иорданиянын королу Абдаллы IIнин карындашы болуп саналат. 2004-жылдын апрелинде Бириккен Араб Эмирлигинин премьер-министри, Дубайдын эмири шейх Мохаммед бен Рашид Аль Мактумга турмушка чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0