Жакшы окугуң келсе, көп кыймылда. Окумуштуулардын иликтөөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековЧуркап бараткан балдар. Архив
Чуркап бараткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШлык окумуштуулар дене көнүгүүлөрү жүрөккө гана эмес, мээге кандай таасир этерин иликтеп көрүүнү чечкен.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Маал-маалы менен кыска көнүгүүлөрдү жасап туруу мээнин жаңы нерсени кабыл алуу жана эске тутуу функцияларын жакшыртат. Бул тууралуу Орегон штатындагы илим жана ден соолук университетинин (АКШ) окумуштууларынын иликтөөсүнө таянып MedicalXress басылмасы жазды.

Курт-кумурскалар. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Курт-кумурскалар жоголуп баратат. Андан ары адамзатты ири кыйроолор күтөт
АКШлык окумуштуулар дене көнүгүүлөрү жүрөккө гана эмес, мээге кандай таасир этерин иликтеп көрүүнү чечкен. Ал үчүн эксперимент чычкандарга жасалган. Жандыктарды чуркама дөңгөлөккө салып, эки саат бою айландырып койгон. Жыйынтыгында алардын мээсинин кабыл алуу жана эске тутуп калуусуна жооп берген бөлүктөрү активдүү иштей баштаганын байкашкан.

"Мындан улам окумуштуулар жаңы нерсе үйрөнүп жаткан адамдарга сабакка кирерден мурда бир аз болсо дагы активдүү кыймылдап же дене көнүгүүлөрүн жасап алууну сунуштай баштады", — деп айтылат макалада.

Эми илимпоздор организмге узак убакыт бою күч келтирген маалда мээнин кандай иштээрин текшермей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0