Түз эфирде "мастер-класс" көрсөткөн блогердин чачы жыдып түшүп калды. Видео

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүЧач тарач. Архив
Чач тарач. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Блогер Instagram баракчасы аркылуу "кооптуу" beauty тажрыйба жасаган.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Америкалык блогер Лори Фейт чачынын түсүн, жасалгасын тез-тезден алмаштырып турууну абдан жактырат. Бирок бул сапар анын аракети терс жыйынтыгын берди. Тагыраагы, Лоринин чачы түз эфирде түшүп калды.

Insider жазгандай, блогер Instagram баракчасы аркылуу "кооптуу" beauty тажрыйба жасаган. Ал үй шартында чачын күйгүзүп, андан соң түздөп, жылмакай кылуу үчүн релаксант колдонгон. Бирок каражаттын күчтүүлүгүн эске албаган блогер бир нече саамдан кийин тараган чачы шыпырылып түшө баштаганын байкаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от LOLA FAITH 🌷 (@lorijfaith)

"Ушунчалыкка чейин барам деп такыр ойлобоптурмун. Бирок бул кемчиликтин арты менен эми өзүмдүн табигый түстөгү чачым өсүп чыгат", — деди блогер.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от LOLA FAITH 🌷 (@lorijfaith)

Кытайлык блогер кыз осьминогду жейм деп жатып, аз жерден анын курмандыгы боло жаздаган видеону дагы көрүп коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0