Курт-кумурскалар жоголуп баратат. Андан ары адамзатты ири кыйроолор күтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКурт-кумурскалар. Архивное фото
Курт-кумурскалар. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Крефельд шаарындагы Энтомология коомунун окумуштуулары массалык түрдө кырылып калуунун башталышы тууралуу маалыматтарды таап чыгышкан.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Адам баласын динозаврлар доорунан берки эң ири экологиялык кыйроо күтүп жатканын немис окумуштууларынын иликтөөсүнө таянып Phys.org порталы жазды. 

Разработка месторождения Джеруй в Таласской области / - Sputnik Кыргызстан
Булуттар жок болуп кетиши мүмкүн. Андан ары эмне болорун адистер айтып берди
Крефельд шаарындагы Энтомология коомунун окумуштуулары массалык түрдө кырылып калуунун башталышы тууралуу маалыматтарды таап чыгышкан.

Адистер 30 жыл бою Рейн дарыясынын жээгинин ар кайсы жеринде жашаган, саны 80 миллионго жеткен курт-кумурскаларды карап турушкан.

Жыйынтыгында алардын саны кескин түрдө кыскарып бара жатканы белгилүү болгон. Мисалы, 1994-жылга салыштырмалуу учуп жүрүүчү майда жандыктардын саны 76 пайызга азайып кеткен.

"Биз Европанын жаратылышы өзгөрүп, бак-шагы аябай кыскарып кеткенин түшүнүшүбүз керек. Мисалы, дыйканчылык талааларында курт-кумурскалар үчүн тамак таап жечү жай болбой калды. Анткени талаанын баары эле химиялык заттарга ууланып калган", — дейт эколог Ханс де Кроон.

Мындай кырдаал бир гана жандыктар үчүн эмес, адам баласы үчүн дагы чоң коркунуч алып келери айтылды. Анткени курт-кумурскалардын жок болуп кетиши жер-жемиш жана жашылчалардын өспөй калышын шарттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0