17:30 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен. Архивдик сүрөт

Трамп менен Ким Чен Ын Түндүк Кореянын чек арасынан жолугушту. Видео

© REUTERS / Kevin Lamarque
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
28610

Түндүк Кореянын башчысы бул жолугушуу алдын ала пландалбаганын, түштөн кийин гана макулдашылганын айтты.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен эки Кореяны бөлүп турган аскерий-демаркациялык чийинден жолугушту. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

​Эки мамлекеттин башчылары чек арадан бири-биринин колун кысып, андан кийин Трамп Түндүк Кореянын жерине басып өттү. Ал жактан чогуу сүрөткө түшкөн соң Ким Чен Ын менен Трамп Түштүк Кореянын аймагына өтүп, аларды президент Мун Чжэ Ин тосуп алды.

Үч мамлекеттин башчылары Пханмундж аймагындагы "Тынчтык үйүндө" жолугушту.

Ким Чен Ын көптөн бери бири-бирин душман тутуп келген эки мамлекеттин башчыларынын кол алышуусу Түндүк менен Түштүк Кореянын кастык мамилесинин жок болгонун айгинелеп турарын айтты. Ошондой эле Түндүк Кореянын башчысы бул жолугушуу алдын ала пландалбаганын, түштөн кийин гана макулдашылганын кошумчалады. Андан сырткары, бул иш-чара Трамп менен анын "жакшы мамилесинен" улам гана ишке ашканын белгиледи.

Тема боюнча

Путин менен Трамптын Япониядагы жолугушуусу видеодо
Си Цзиньпин "цивилизациялар кагылышы" боюнча сөз кылбоого чакырды
Белгилер:
Түндүк Корея, Ким Чен Ын, Дональд Трамп

ЭҢ МААНИЛҮҮ