Окумуштуулар ракты дарылоонун жаңы ыкмасын табышты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар байма-бай адам организмине киргизип, ошол эле убакта саламаттыкка терс таасирин тийгизбеген бөлүкчөлөрдү аныктоодо кыйналышканы белгиленет.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. АКШнын Орегон штатынын университетинде эмгектенген окумуштуулар рак дартын дарылоонун жаңы ыкмасын таап чыгышканы тууралуу маалымат Phys.org сайтына жарыяланды.

Рак клеткаларын жок кылуу үчүн илимпоздор магниттик нанобөлүкчөлөрдү пайдаланууну чечишкен. Алар залалдуу шишикке киргизилип, магниттик талаанын таасиринде болмокчу. Натыйжада бөлүкчөлөр 38 градуска чейин ысып, мындан рак клеткалары өлүп жок болору айтылган.

"Бирок магниттик нанобөлүкчөлөрдү шишикке түз сайып киргизүүгө болбогон учурлар бар. Мисалы, энелик бездин же простата рагында ал бөлүкчөлөрдү кан тамырга же курсакка саюу керек болот", — деп айтылат макалада.

Окумуштуулар байма-бай адам организмине киргизип, ошол эле убакта саламаттыкка терс таасирин тийгизбеген бөлүкчөлөрдү аныктоодо кыйналышканы белгиленет.

Иликтөөнүн жыйынтыгында талапка ылайык деп илимпоздор кобальт жана марганец кошулган темир оксидинин алты бурчтуу бөлүкчөлөрүн табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0