Кайра-кайра калчылдаган Ангела Меркель. Негизги версиялар айтылды

© AP Photo / Kay NietfeldГерманиянын канцлери Ангела Меркель. Архив
Германиянын канцлери Ангела Меркель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттер, кабарчылар, дарыгерлер канцлер айымдын абалын түшүндүрүүгө аракет кылышкан.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. 27-июнь күнү жаңы юстиция министрин дайындоо иш-чарасына катышып жаткан президент Франк-Вальтер Штайнмайердин сөзү учурунда Германиянын канцлери Ангела Меркелдин бүткөн бою калчылдаганы байкалган.

Бул расмий иш-чарада канцлер айымдын саламаттыгы начарлап кеткен биринчи учур эмес. 18-июнда Украина президенти Владимир Зеленскийдин Германияга сапары маалында дагы калтырап чыккан.

Биринчи жолкусунда Меркель кант диабетинен улам катуу суусап, өзүн начар сезгенин айткан. Ал эми экинчисинде канцлердин иш башкармалыгы Меркелдин абалы жакшы экенин айтып, Япониянын Осака шаарындагы ири саммитке жана Евробиримдиктин саммитине катыша турганын белгиледи.

Психологиялык абал

Stuttgarter Zeitung жана Stuttgarter Nachrichten гезиттери өкмөттөгү маалымат булактарына таянуу менен экинчи ирет калчылдоосун психологиялык себептер шарттаганын жазып чыгышты.

"Өткөн жолкуну эстөө жаңысын шарттады. Бул психологиялык процесс. Германиянын жогорку кызматтарын ээлеген адамдарга жеке дарыгер каралган эмес. Аппарат жетекчиси Хельге Браун билими боюнча анестезиолог жана реанимация бөлүмүнүн дарыгери экени жакшы болуптур", — деп айтылат макалада.

Жумуштагы стресспи?

Ал эми Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитинин түзүүчүсүнүн бири Бертольд Колердин Меркелдин саламаттыгына арналган макаласы "Меркель калчылдай баштаганда тарп аңдыган жорулар көбөйөт" деп башталат.

"Бийликте 14 жылдан бери турган Меркель бардык жагынан туруктуу, бекем адам экенин көрсөттү. Ошол оор жүктүн баары эми чыгып жатат десек болобу?" — деп суроо салат журналист.

Эми Меркелдин ээлеген кызматынын маанилүүлүгүн эске алганда "канцлер өзүн жакшы сезип жатат" деген жупуну жоопко эч кимдин ичи чыкпай турганы айтылат. Ага карабастан макалада Меркелдин Японияга эч кыйналбай "кадимки эле өкмөттүк учак менен учуп кеткени" белгиленген.

Дагы бир журналист Франц Йозеф Вагнер Меркелдин талуу жери байкалып калды деген пикирде.

Прибытие Федерального канцлера Германии Ангелы Меркель в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан датка" орденинин алгачкы ээси. Ангела Меркель тууралуу 9 факты
"Кептин баары канцлердин калчылдабашы керектигинде. Канцлер калчылдаса, демек, өлкө калчылдайт. Канцлердин ден соолугу чың болушу зарыл. Таң заарда туруп, түн бир оокумуна чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, чырм этүүгө убактысы жок. Биздин канцлер нервден, кан тамыр менен булчуңдардан жасалган. Өзү болсо жүрөк менен жан дүйнөдөн турат", — деп жазган Вагнер.

Ал эми дартына комментарий берип жатып, саламаттыгынын начарлашына суунун жетишсиздиги, гипогликемия жана гипогликемиялык шок себеп болушу мүмкүн экенин белгиледи. Аягында "ушунун баарын көтөрө алабы?" деп суроо салган.

Кетеби?

Tagesspiegel гезитинин сайтына жайгаштырылган макалада "Ангела Меркелдин кайталанган калчылдоосу анын кызматынан эрте кетиши боюнча маселени көтөрөт" деп жазылган.

Автор мындай абалга тыным алууну билбей иштеген адам кабылышы мүмкүн экенин айтты.

"Христиан-демократиялык партиядагы саясатчылардын бири айткандай, Меркелдин кызматтан эртерээк кетиши тууралуу ойлонушубуз керекпи?" — деп айтылат макалада.

Олуттуу оорубу?

Украина президенти Владимир Зеленский Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Зеленский калчылдаган Меркелге эмнеге жардам бербей койгонун айтты
Жума сайын чыккан Focus басылмасы биринчи окуядан кийин эле дароо эксперт менен маектешип, дарыгер Меркелдин олуттуу илдет менен ооруйт деген версияны да карай жүрүү керектигин билдирген.

Зеленский менен жолуккан учурдагы Меркелдин абалына өтө эле тынчсыздануунун кереги жок деген Якоб Бергер экинчи жолкусунан кийин "тез арада медициналык себебин табуу керектигин" айткан. Бирок дарыгер дароо эле Паркинсон оорусун четке какты. Анын айтымында, "Меркелдей болуп бир иш-чарадан экинчисине чуркап иштеген адам бардык оорусун дыкат жашырып коюшу мүмкүн, бирок дарыгерлер баарын билүүгө аракет кылышы керек".

Жаңылыктар түрмөгү
0