03:37 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Ким Кардашьян. Архивдик сүрөт

Улутту сыйлабастык дешти. Кардашьян япондордун ачуусун келтиргенде

© AFP 2019 / Angela Weiss
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
650 0 0

Кимоно алардын улуттук кийими болгондуктан, бул элдин маданиятын мазактагандыкка жатат дешкен.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Япониялыктар америкалык Ким Кардашьяндын шоу тармактагы жаңы компаниясынын аталышына нааразы болууда. Бул туурасында ВВС жазды.

Кардашьян "Кимоно" деп аталган компаниясы менен денени чыпыйтып кармаган ич кийимдерди чыгара баштаган. Анын жаңы продукциясы бардык каалоочулар үчүн ылайык гана болбостон, кыз-келиндерди дене мүчөсүн көркүнө чыгарарын айтканы бар.

Күн чыгыш өлкөсүнүн салтты катуу кармаган эли жаңы компаниянын мындай аталышына нааразылыгын кескин билдирген. Кимоно алардын улуттук кийими болгондуктан, бул аларды мазактагандыкка жатат дешкен.

"Биз улуттук кийимибизди никеге турганда, сөйкө салганда, ар кыл жакшы салтанаттарда жана адамды аркы дүйнөгө узатканда киебиз. Бул муундан-муунга берилип келе жаткан буюмубуз", — деген Юка Охиши аттуу адам.

Анын пикиринде, жаңы чыгарылган бул ич кийимдер өзүнчө турганда кимоно туурасында эч кандай түшүнүктү бербейт. Кардашьян болгону "Ким" деген сөз үчүн гана тандап алган. Негизи мындай мамиле япон маданиятын сыйлабастыкты билдирет.

Социалдык тармактарга да пикирлер жазылган.

Кардашьян "Кимонону" былтыр АКШда чыгара баштаган. Ал "Кимоно Боди" (Kimono Body), "Кимоно Интимэйтс" (Kimono Intimates) жана "Кимоно Уорлд" (Kimono World) товардык белгилерин каттаткан.

Бул кийимдер денени ичке кылып көрсөтүп, чыптап турат. Бир нече түстөгүсү сатыкка чыккан.

Кардашьян Twitter баракчасына буга чейин өзүнүн денесине ылайыктуусун таппай кыйналгандыктан, өзү ишке шымалана киришкендигин жазган.

Тема боюнча

Ким Кардашяндын күйөөсү элдин жаалына калды
Ким Кардашьянга карын эне төртүнчү баласын төрөп берди
Белгилер:
Япония, АКШ, Ким Кардашьян, кийим

ЭҢ МААНИЛҮҮ